Экономика министрлиги ишкерликтин кирешелүү 5 түрүн айтты

Жазылуу
Абакировдун айтымында, ишкер короткон акчасынын кайтарымын 3-5 жылдан кийин көрөт.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-орус бизнес форумда экономика министринин орун басары Элдар Абакиров киреше берет делген экономиканын беш тармагын атады.

"Тигүү өнөр жайына, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө, туризм, маалыматтык технология жана медицинага акча салуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырып көрүүгө чакырам. Эксперттердин иликтөөсүнө ылайык, дал ушул тармактар Кыргызстанда кирешелүү болуп саналат", — деди ал.

Абакиров коротулган каражат 3-5 жылдан кийин үзүрүн бере баштай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0