Россиялыктар кыргыз товарларын көбүрөөк сатып ала башташты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСупермаркеттеги кардарлар. Архив
Супермаркеттеги кардарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишенимдүү өкүлдүн айтымында, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги адаптациялык мөөнөтү жакшы өтүп жатат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Алты айда Кыргызстандын товарларынын экспорту 40 пайызга өскөнүн кыргыз-орус бизнес форумунда Россиянын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Вадим Чекмазов билдирди.

"Ошол эле учурда Россияда өндүрүлгөн товарлардын импорту анча өскөн эмес. Январдан июнь айына чейин болгону 10 пайызга жогорулаган. Бул көңүл жубатарлык көрүнүш, мындай көрсөткүч Кыргызстандын экономикасы жолго коюлуп жатканынан кабар берет", — деди Чекмазов.

Анын айтымында, Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигиндеги адаптациялык мөөнөтү жакшы өтүп жатат.

Бизнес-форумга Россиянын жана Кыргызстандын 200дөн ашык ишканаларынын топ-менеджерлери катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0