Мигранттар Кыргызстанга жыл башынан бери 1,6 млрд. доллар жөнөтүшкөн

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда чет жакта иштеп жүргөндөр 300 миллиондон ашык доллар салышкан.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жыл башынан бери эмгек мигранттары Россиядан Кыргызстанга 1 миллиард 653,3 миллион доллар которгон. Бул тууралуу Россиянын борбордук банкынын сайтында айтылат.

Встреча первого рейса из Каира в Москву авиакомпании EgyptAir - Sputnik Кыргызстан
РФке каршы санкция мигранттардын кайтышын шарттайбы? Эксперт эмне дейт
Экинчи кварталда мигранттар 681 миллион доллар жөнөтсө, биринчи кварталда мындан бир жарым эсе көп салышкан болчу.

Россиядан которулган акча боюнча Кыргызстан экинчи орунда турат. Биринчи орунда Өзбекстан. Бул өлкөнүн эмгек мигранттары экинчи жарым жылдыкта эле миллиарддан ашык доллар которушкан. Үчүнчү орунду Тажикстан ээлейт, алар 672 миллион доллар жөнөтүшкөн.

Расмий маалыматр боюнча бүгүнкү күнү Россияда 600 миңден ашык кыргызстандык эмгек мигранттары иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0