Доллардын баасы өсүп 69 сомдон ашып кетти

© REUTERS / Osman OrsalКурс доллара в Турции
Курс доллара в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жашыл акчанын акыркы айда эле экинчи жолку өсүшү.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын наркы кескин өсө баштаганына бүгүн үч күн болду. Бул тууралуу valuta.kg порталында айтылды.

Жекшемби күнү сатып алуу 68,54, сатуу 68,68 сом болуп турган. Иш күндөрүнүн башталышы менен валютанын наркы көтөрүлүп, 5-сентябрда сатып алуу 68,9 сом, сатуу 69,2 сомго жетти.

Негизинен Кыргызстанда АКШ акчасы 9-августтан тарта кымбаттай баштап, айдын ортосунда 69,5 сомго жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0