Улуттук банк: элдин колунда мынча көп акча болуп көргөн эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина держит пачку сомовых купюр. Архивное фото
Мужчина держит пачку сомовых купюр. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда колдогу акчанын саны эч качан 90 миллиард сомго жеткен эмес.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Акыркы айларда кыргызстандыктардын колунда жүгүртүүдө жүргөн акча каражаттарынын көлөмү өстү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Былтыртан тарта Кыргызстандан миллиондогон акчалар чыгарылып кеткен
Жүгүртүүдөгү акча — ишкананын кредиттик кассасындагы калган каражатты кошуп эсептегендеги элдин каражаты. Кеп чет элдик акча эмес, улуттук валюта сом туурасында гана болууда.

Элдин колундагы акча былтыркы жылы көбөйүп, 2018-жылдын 1-январында көлөмү 91,1 миллиард сомго жеткен. Андан соң бир аз кыскаруулар болуп, кийин кайрадан көтөрүлгөн. 

1-мартта жүгүртүүдөгү акчалардын көлөмү 84,4 миллиард сом болсо, 1-апрелде — 85 миллиард, 1-майда — 86,4 миллиард, 1-июнда — 85,3 миллиард, 1-июлда — 88 миллиард, 1-августтта дээрлик 90,8 миллиард сомго жетти.

Үстүбүздөгү жылдын январь жана август айларындагы көрсөткүч 2008-жылдан бери рекорддук болуп эсептелет. Мурда колдогу акчанын саны эч качан 90 миллиард сомго жеткен эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0