Кыргызстанда доллар арзандай баштады

Жазылуу
Анткен менен доллар 8-августтагы көрсөткүчкө салыштырмалуу дагы деле жогору болууда.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкектеги акча алмаштыруу жайларындагы доллардын баасы арзандай баштады. Кыргызстандагы валютанын абалы тууралуу маалымат Valuta.kg сайтына жарыяланган.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Доллардын кымбатташы кыргызстандыктарга кандай таасир этет? Саресеп
Буга чейин (8-августта) бир доллар 68,25 (сатуу), 68,07 (сатып алуу) сом болуп турган.

Айдын ортосунда бир доллардын баасы 69,7 сомго чейин жогорулады, кийин кайра акырындык менен төмөндөй баштады.

Valuta.kg сайтындагы маалыматка караганда, бүгүнкү күндө акча алмаштыруу жайларынан долларды 68,9-69 сомдон сатып, 69,15 сомдон сатып алса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0