Улуттук банк сатыкка 19 млн. доллар чыгарды

© REUTERS / Athit Perawongmetha / File PhotoРабота обменных бюро в Бангкоке
Работа обменных бюро в Бангкоке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жума ичинде доллар бир сомдон көбүрөөк кымбаттап кетти. Валютанын курсун "кармап туруу" үчүн Улуттук банк доллар сата баштады.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Шаршемби күнү Улуттук банк 19 миллион 50 миң доллар сатканы тууралуу маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.

Эскерте кетсек, өлкөнүн башкы банкы интервенцияга ар кандай себеп менен барат, анын ичинде валюта курсун турукташтыруу максаты да бар.

Кыргызстанда валюта курсу эркин, суроо жана сунуштун негизинде түзүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, өлкөдө 8-августтан тарта доллар кымбаттай баштаган. Ага чейин акча алмаштыруучу жайлар долларды 68,25 тыйындан сатып, 68,07 тыйында сатып алчу.

16-августта доллардын сатыктагы баасы 69,65 сом болсо, 69,4 сомдон сатып алып жатышат. Кечээ 5-10 тыйынга кымбат болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0