Коррупция менен күрөшкөн УКМК атайын эсепке 2 млн. сом которду

© Sputnik / Табылды КадырбековСпецсчет для "коррупционных" денег
Спецсчет для коррупционных денег - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик кызмат жалпысынан өлкө казынасына 141 миллион 604 миң сом түшүрдү.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коррупциядан өндүрүлгөн 2 миллион 150 миң сомду атайын эсепке которду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, жалпысынан мамлекетке 141 миллион 604 миң сом түшүрдү.

Атайын эсеп ачуу боюнча буйрукка президент 16-майда кол койгон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0