Бишкек жана Ош шаарларында электрондук патенттер бериле баштады

© Sputnik / Жоомарт УраимовРабота фрилансеров в КР
Работа фрилансеров в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы система октябрь айында өлкөнүн бардык аймагына жайылтылат.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. 1-августтан тарта Салык кызматы Бишкек жана Ош шаарларында ыктыярдуу, жана милдеттүү патент алууга тийиш болгон иш чөйрөсүндөгү жалданма жумушчуларга электрондук форматтагы патенттер бериле баштады. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Билдирмеге караганда, жаңы система үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта өлкөнүн калган аймактарына да жайылтылат. Мындай өзгөчөлүк салык төлөөчүлөрдүн патент алууга короткон убактысын кыскартууга багытталган.

Белгилей кетчү жагдай, салык төлөөчүлөр патенттерди өз тандоосу боюнча мурдагыдай эле кагаз түрүндө же электрондук форматта ала алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0