Финпол атайын эсепке коррупциядан өндүрүлгөн 143 млн. сом которду

Жазылуу
Атайын эсепке түшкөн каражат өкмөттүн чечими менен гана бөлүштүрүлөт.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттар топтоло турчу депозиттик эсепке 143 миллион сом которду. Бул тууралуу мекемеден Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекет тарткан 81 миллион сомдук зыян. Финпол кимге доомат коюп жатканын айтты
Бүгүн, 7-августта, Финпол 80 миллион 14 миң сом, буга чейин 63 миллион 363 миң сом которгон. Ошентип мекеме эсепке жалпысынан 143 миллион 377 миң сом түшүрдү.

Топтолгон каражат өкмөттүн чечими менен гана бөлүштүрүлөт.

Мындай жаңы аракеттер эсепке алуунун жана каражатты бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун арттырат.

Атайын эсеп ачуу боюнча буйрукка президент 16-майда кол койгон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0