"Кыргызалтын": "Макмал" кенин алчу инвестор социалдык объекти куруп бериши керек

© Фото / пресс служба "Кыргыз алтын""Макмал" алтын кени. Архивное фото
Макмал алтын кени. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу аяктаса, Жалал-Абадга бул заводдордун продукциясын ташууга шарт түшүзөт.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. "Макмал" алтын кенин ала турган инвестор бир гана кендин өзү менен иштебестен, анын пайдасы аймактын социалдык турмушуна да тийиши керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргызалтын" ААКсынын жетекчисинин орун басары Нурдин Канымбетов билдирди.

"Азыр биз алтын өндүргөндөн тышкары, Казарман айылында сүттү же этти кайра иштеткен ишкана ачып бере турган инвестор издеп жатабыз. Анткени жакында түндүк-түштүк альтернативалуу жолу аяктаса, Жалал-Абадга бул заводдордун продукциясын ташууга шарт түзүлөт. Мунун арты менен аймактын жашоо-турмушун оңдосо болот", — деди Канымбетов.

Белгилей кетсек, "Макмал" алтын кени Казарман айылында жайгашкан. Учурда бул аймакка бир гана Нарын облусу аркылуу жетүүгө болот. Ал эми Жалал-Абад облусу менен кирчү жол жаратылыш шарттарына байланыштуу жай мезгилинин эки айында гана ачык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0