Ысык-Көлдө 100дөй компаниянын катышуусунда эл аралык көргөзмө өтөт

© Фото / Ярослав МальцевКөргөзмө. Архив
Көргөзмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын максаты — эл аралык бизнес өкүлдөрүнүн Кыргызстанга көңүлүн буруп, соода-экономикалык алаканы жакшыртуу.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында эл аралык көргөзмө-жарманке уюштурулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Иш-чара  эки күн, 20-22-августта болуп, анын алкагында чет өлкөлүк ишкерлер жолугушат.

"Иш-чарага Кыргызстан, Россия, Белоруссия, Кытай, Иран, Индонезия, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан жана Түркия мамлекеттеринин 100гө жакын компания катышып продукцияларын коомчулуктун назарына сунуштайт", — деп айтылган маалыматта.

Көргөзмө-жарманкенин максаты — эл аралык бизнес өкүлдөрүнүн көңүлүн Кыргызстанга бурдуруп, соода-экономикалык алаканы жакшыртуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0