"Коопсуз шаар" боюнча 2,5 млрд. сомдон ашык акчага тендер жарыяланды

© Sputnik / Нурис АлымбаевКөчөгө коюлган камера. Архив
Көчөгө коюлган камера. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан 45 орунга атайын байкоочу камералар орнотулат.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитети "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында видео байкоолорду орнотуу үчүн 2 миллиард 552 миллион 706 миң сомго тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев ознакомился с проектом Безопасный город в Тбилиси - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан “Коопсуз шаар” боюнча Грузиянын тажрыйбасын колдонушу мүмкүн
Тендер 20-июлда жарыяланган. Подрядчик жабдууларды орнотуп, Бишкек шаарындагы 19 кесилишиндеги жол эрежесин бузгандарды тартуу үчүн видео, фотофикация системасын камсыздашы керек. Андан сырткары Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы 22 аймакка коюлат.

Тендердин шарты боюнча алдын ала акча төлөө каралган эмес. Бардык каражаттар жабдуулар кабыл алынгандан кийин төлөнөт.

Кызыкдар тараптар арызы менен 10-авгуска чейин кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0