Үй-жайга, автоунаага салык төлөдүңүзбү? Салык кызматы эскертти

© Sputnik / Табылды КадырбековОплата автомобильного штрафа в КР
Оплата автомобильного штрафа в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ведомство бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү жакындап калгандыгын эскертти.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү аяктайт. Бул туурасында мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Аталган ведомство бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү жакындап калгандыгын эскертти.

"Транспорт каражаттарына салыкты 2018-жылдын 1-сентябрына чейин, ал эми турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) 2-сентябрга чейин төлөө зарыл", — деп айтылат маалыматта.

Аталган ведомстводон салыкты өз убагында төлөбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынарын билдиришти.

Кеңири маалыматты 194 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0