Премьер: Кыргызстан ЕБге товар сатууда берилген жеңилдикти толук пайдаланган жок

© Пресс-служба правительства КРПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берилген Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макамы алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берилген Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макамы алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга эки жумалык мөөнөттө Жалпы жеңилдиктер тутуму + макамынын алкагында ЕБ өлкөлөрүнө экспортту жогорулатуу боюнча иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берилген Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макамы алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба правительства КРПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берилген Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макамы алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берилген Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макамы алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берилген Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макамы алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
© Пресс-служба правительства КРӨкмөт башчы белгилегендей, аталган макам ата мекендик продукцияны Европа өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз экспорттоо мүмкүндүгүн ачат.
Өкмөт башчы белгилегендей, аталган макам ата мекендик продукцияны Европа өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз экспорттоо мүмкүндүгүн ачат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өкмөт башчы белгилегендей, аталган макам ата мекендик продукцияны Европа өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз экспорттоо мүмкүндүгүн ачат.
1/2
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берилген Жалпы жеңилдиктер тутуму (ВСП+) макамы алкагында Европа Биримдиги өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү
2/2
Өкмөт башчы белгилегендей, аталган макам ата мекендик продукцияны Европа өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз экспорттоо мүмкүндүгүн ачат.

Өкмөт башчы белгилегендей, аталган макам ата мекендик продукцияны Европа өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз экспорттоо мүмкүндүгүн ачат. Кыргызстан ЕБ өлкөлөрүнө биринчи кезекте айыл чарба продукцияларын, кийим-кече жана кийиз буюмдарын жана башкаларды экспорттоо үчүн жетиштүү мүмкүндүккө ээ.

Буга катар Абылгазиев бүгүнкү күндө ВСП+ макамынын артыкчылыктарынын белгилүү бөлүгү гана пайдаланылып, жеңилдиктер толук эмес көлөмдө колдонулуп жаткандыгын белгиледи.

Экономика министри Олег Панкратов маалымдагандай, бул макам 6 миңден ашуун товардык позицияга берилген.

Кыргызстанда кайсы товарлар КМШ мамлекеттерине караганда арзан - Sputnik Кыргызстан
Башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанда арзан болгон 7 товар. Инфографика
2016-жылы ЕБге экспорттун жалпы көлөмү алтынды экспорттоону эсепке албаганда, 72,3 миллион долларды түзгөн, анын 4,4 пайызы (3,2 миллион доллары) гана ВСП+ жеңилдиктер режими алкагында жеңилдетилген тарифтик коюм боюнча бажыдан өткөрүлгөн.

Өкмөт башчы өлкө ишкерлеринин арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн, ошондой эле аларга (ВСП+) макамы алкагындагы жеңилдиктерди пайдаланууда колдон келген көмөктү көрсөтүүнүн маанилүү экендигин айтты.

Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик органдарга эки жумалык мөөнөттө Жалпы жеңилдиктер тутуму + макамынын алкагында ЕБ өлкөлөрүнө экспортту жогорулатууга багытталган иш-чаралардын планынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0