Кыргызстанда унаа каттоонун мөөнөтү эки эсеге көбөйтүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобильное движение в Бишкеке
Автомобильное движение в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан ары трицикл менен квадроцикдерди дагы каттатуу зарыл.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда унааны каттатуунун мөөнөтүн узарткан мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эми унааны мурдагыдай беш күндө эмес, 10 күндүн ичинде каттатып жетишсе болот.

Мыйзам коррупцияны жок кылуу жана унааны өз атына каттатуу жоопкерчилигин күчөтүү максатында иштелип чыкты.

"Бажыдан жаңы өткөрүп жатканда же алыскы аймактарда унаа алуу маалында убакыттын тартыштыгына байланыштуу унааны каттатуу көйгөйгө айланат. Бул элди нааразы кылуу менен бирге коррупциялык схемаларды күчөтөт", — деп айтыдат билдирүүдө. 

Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0