Нефтетрейдерлер бензиндин июлдагы баасына божомолун айтышты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүБензин куюп жаткан адам. Архив
Бензин куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынен бери бензин 2,6 сомго, дизель майы 4,4 сомго чейин кымбаттаган.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Алты айдын ичинде күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы былтыркыга жылдын ушул маалына караганда кымбаттаган. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан маалымдашты.

Атап айтканда бензин 2,6 сомго, дизель майы 4,4 сомго чейин көтөрүлгөн.

Ал эми июль айында баанын кескин өсө турганы болжолдонбойт. Анткени Россиянын нефтепродуктулар рыногундагы дүң баалар турукташкан.

Ошол эле учурда айрым күйүүчү майлардын баасы көтөрүлүшү ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0