17:39 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Патент. Архивдик сүрөт

Бишкек менен Ошто патентти интернет аркылуу сатып алууга шарт түзүлдү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
90 0 0

Маалыматта мындай кадам салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөрү айтылат.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып Бишкек жана Ош шаарларында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматта милдеттүү түрдө патент алууга тийиш болгон жумушчулардын патент алуу жана ыктыярдуу, милдеттүү патенттерди алуу процессин жөнөкөйлөтө турганы жазылган.

"Азыркы учурда патент алуу тартиби элдин бир топ убактысын алат. Салык органына барбай туруп, же ыңгайлуу мезгилде патент сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок. Саамалык патентти аралыктан, башкача айтканда, Салык кызматынын сайты аркылуу алууга жол ачат. Ал эми патент үчүн акыны терминал, банкомат, автоматташтырылган өзүн-өзү тейлөө терминалдары, банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфратүзүмдү түзгөн башка түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот. Бул салык төлөөчүлөр менен салыкчылардын ортосундагы түз байланышты кыскартып, коррупциянын тобокелдигин төмөндөтөт", — деп айтылат маалыматта.

Пилоттук долбоор аяктагандан кийин, 1-августтан тарта башка аймактардагы ишкерлер да Салык кызматынын сайты аркылуу экономикалык ишмердигин ишке ашырууга патент сатып ала алат.

Тема боюнча

Кыргыз өкмөтү бир шарт менен бизнести текшерүүнү эки жылга токтотот
Өзбекстанда коррупцияга малынган делип 1200 салыкчы иштен алынды
Белгилер:
банкомат, патент, Мамлекеттик салык кызматы

ЭҢ МААНИЛҮҮ