Кыргызстанда Facebook, Google жана Instagram сервистерине салык салуу сунушталды

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVFacebook, Instagram, Twitter жана Google тиркемелери. Архив
Facebook, Instagram, Twitter жана Google тиркемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү интернет ресурстарына салык салуу менен Кыргызстан миллиондогон каражат таба аларын билдирди.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Руслан Казакбаев ири интернет ресурстарына салык салууну сунуштады.

Анын айтымында, Facebook, Google, Twitter жана Instagram сыяктуу сервистер коммерциялык уюмдардан жарнама үчүн миңдеген долларларды алып келет.

"Эксперттер билдиргендей интернет ресурстар салык төлөбөгөндүктөн биз 500 миллиондон 1 миллиард долларга чейин жоготуп жатабыз. Дээрлик бардык коммерциялык банктар жарнама үчүн акча беришет, бирок интернет компания өзүнүн өлкөсүнө гана салык төлөйт", — деди эл өкүлү.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишкерлердин 20 млрд. сом салык жашырып койгону аныкталды
Казакбаев Россиянын тажрыйбасын колдонууну сунуштады. Аталган өлкөдө 2012-жылдан бери интернет ресурстары салык төлөп келет. Эл өкүлүнүн айтымында, РФде жүздөгөн интернет компаниялары бар. Алар үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында эле эки миллиард рубль төлөгөн.

Депутат өкмөткө интернет компанияларга салык салуу үчүн мыйзам долбоор иштеп чыгуу сунушун берип, бул нерсе жарандарга эч кандай таасир бербестигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0