Ишкерлердин 20 млрд. сом салык жашырып койгону аныкталды

Жазылуу
Жыл башынан бери ишкердик субъектилерде 4 миң 817 текшерүү жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Салык кызматы жыл башынан берки текшерүүнүн жыйынтыгында 19,9 миллиард сом салык жашырылганын аныктап чыкты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Ага ылайык, жыл башынан бери ишкердик субъектилерде 4 миң 817 текшерүү жүргүзүлгөн.

"Натыйжада 19 миллиард 969,9 миллион сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасы бюджетке кошумча эсептелди. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 миллиард 573,2 миллион сомго көп", — деп айтылат маалыматта.

Сайт ОАО Росинбанк - Sputnik Кыргызстан
Финпол: "Росинбанк" аркылуу 3,3 млрд. сом сыртка чыгарылып кеткен
Салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча сумма 2 миллиард 340 миллин сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 743,3 миллион сомго, же 47 пайызга көп.

Мындан сырткары, жыл башынан бери жалпы кошумча кошуп эсептелген 3 миллиард 569,3 миллион сом өлчөмүндөгү салыктык текшерүүлөрдүн 67 материалы тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0