Абылгазиев: быйыл бюджеттин чыгымы 4 млрд. сомго чейин кыскартылат

Жазылуу
Премьер жасай турчу иштерине да учкай токтолду.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери боюнча отчет берип жатып, быйыл бюджеттин чыгымдарын 4 миллиард сомго чейин кыскартуу каралып жатканын айтты.

Өкмөт башчы үнөмдөлгөн каражат приоритеттүү болгон жактарга жумшалат деп сөз берди.

Абылгазиев ошондой эле аба жолдору аркылуу жарандарды жана жүк ташууларды жакшыртуу керектигине токтолду.

"Эл аралык жарандык жана жүк ташууларды либералдаштыруу аркылуу чет өлкөлүк аба кемелеринин учуп конуусун карашыбыз керек. Бир мамлекет берсе биз да беребиз деп отуруп азыр бизге келипжаткан авиа каттамдардын аздыгы ушундан деп айтабыз. Бизде деңиз, аба жолдору жок болгондон кийин экономикабызга пайда алып келген механизмди киргизишибиз керек", — деди ал.

Премьер ошондой эле мамлекеттин менчигин жеке менчиктей пайдаланып жаткан учурлар бар экенин, буга чара көрүлөрүн кошумчалады.

Жогорку Кеңештин Республика — Ата-Журт фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бокоев: айыл өкмөткө президент да, премьер-министр да сөгүш бере албайт
"2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 98 мамлекеттик ишкананын 46сы, 52 акционердик коомдун 20сы гана кирешелүү болгон. Былтыр мамлекеттик ишканалардан бюджетке 266 миллион сом түшкөн. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 218 миллион сомго аз. 2016-жылы бюджетке 500 миллионго чейин түшкөн. Мунун баары тең таза, ачык-айкын иштебегендиктен болууда", — деди премьер.

Өкмөт башчы аймакты кантип өнүктүрүү керектиги боюнча пикирин билдирип, акимдерге, айыл өкмөттөргө борборлоштурулган функцияларды берүү керектигин кошумчалады. Абылгазиев өкмөт менен министрликтер өздөрүнө көптөгөн функцияларды алып алганын, аймактын кандай жашап жатканын билбеген министрлер бар экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0