Улуттук статистика комитети кымбаттаган товарларды тизмектеди

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСигареты могут подорожать в 2017 году
Сигареты могут подорожать в 2017 году - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Статкомдун билдиришинче, айрым тармакта иштегендердин маянасы бир кыйла эле жогорулаган.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Улуттук статистика комитети жыл башынан берки беш айдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Ага ылайык, былтыркы жылдын январь-май айларына салыштырмалуу ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 0,7 пайызды түзүп, 1 миллиард сомду түзгөн. Кумтөрдү эсепке албаганда ИДП 2,5 пайызга көбөйүп, 153 миллиард сом болгон.

"Жыл жаңыргандан бери азык-түлүк менен суусундуктар 1,9 пайызга, азык-түлүккө кирбеген товарлар 0,7 пайызга арзандаган. Ал эми тамеки менен спирт ичимдиктери 5,8 пайызга кымбаттаса, кызмат көрсөтүүнүн наркы 4 пайызга жогорулаган. Акыркы жарым жылда инфляциянын көлөмү 2017-жылдын декабрына карата 0,1 пайызды түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Статкомдун билдиришинче, айрым тармакта иштегендердин маянасы бир кыйла эле жогорулаган. Өзгөчө маалымат жана байланыш тармагында иштегендердики 22,2 пайызга, кызмат көрсөтүү жаатындагылардыкы 21,6 пайызга жана курулушчулардыкы 18,6 пайызга көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0