Сыдыков: кыргыз-кытай газ түтүгү Алай менен Чоң-Алайды бөлбөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековСтроительство магистрального газопровода "Бухарский газоносный район —Ташкент — Бишкек — Алматы"
Строительство магистрального газопровода Бухарский газоносный район —Ташкент — Бишкек — Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлүм башчы жер тилкелери Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде корголуп, чет элдик компаниянын ээлигине берилип кетиши мүмкүн эместигин белгилеген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков брифинг учурунда Кыргызстан — Кытай газ түтүгүн куруу келишими боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде аталган келишим 2013-жылы ратификацияланганы белгиленип, бөлүм башчы коомчулукка тарап кеткен айың кептерди четке какканы кошумчаланган.

"Газ түтүгү төрт миң метр тереңдиктеги жер алдында болуп, Алай менен Чоң-Алай райондорунун аймагын бөлбөйт. Курулуш иштери аяктагандан кийин компания жерди кайра колдонууга берүү үчүн рекультивация иштерин жүргүзөт. Эч кандай тосмолор менен тикенек зымдар болбойт", — деди Сыдыков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи мамлекеттик сапар! Президент Кытайга эмнеге барат
Ал ошондой эле жер тилкелери Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде корголуп, чет элдик компаниянын ээлигине берилип кетиши мүмкүн эместигин баса белгилеп өткөн. Мындан сырткары, долбоорлоп жаткан компания жер ээлерине компенсация төлөп берген.

"Газ түтүгү Кыргызстандын күч структуралары тарабынан көзөмөлгө алынат. Бүгүнкү жергиликтүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү арасында тандоо жүргүзүп жатат. Алар Кытайга барып техникалык адистик боюнча билим алып келип, газ түтүгү боюнча иш алып барышат", — деди ал.

Бөлүм башчы түтүктүн Кыргызстандын аймагынан өтүшү өлкө үчүн киреше гана алып келерин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0