Күрпсай ГЭСи боюнча тендер: мамлекет 1,7 миллион сомдук чыгым тарткан

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүГЭС курулуш иштери. Архив
ГЭС курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Э.С." ААКсына КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин эки беренеси менен айып тагылды.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Башкы прокуратура энертетика тармагындагы коррупцияга каршы мыйзамдын сакталышын иликтеп, жыйынтыгында "Э.С." ААКсына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу көзөмөл органдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сайт ОАО Росинбанк - Sputnik Кыргызстан
Финпол: "Росинбанк" аркылуу 3,3 млрд. сом сыртка чыгарылып кеткен
Аталган ишкана КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 189 (Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу) жана 221-беренелерине (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланышы) ылайык айыпталып жатат.

Ведомствонун маалыматына караганда "Э.С" ААКсы Күрпсай ГЭСин реконструкциялоо маалында электр зымдары төшөлчү лоток сатып алуу үчүн сынак жарыялаган. Жыйынтыгында тендерди сынактын талаптарына жооп бербеген "Н" ААКсы жеңип алганы айтылды.

"Аталган ишкана баарынын жогору сумманы (17 миллион 199 миң сом) талап кылганына карабай, башка эки катышуучу утпай калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финпол: салыктан качкан "Бозумчак" 9 миң тоннадай концентратты алып чыгып кеткен
Кийин тендерде 14 миллион 828 миң сомдук кызматын сунуштап, бирок өтпөй калган "И" ЖЧКсы Каржы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментине арызданган.

Мындан улам комиссия тендерди мыйзам бузуулар болгон деген жүйөө менен жокко чыгарган.

Көзөмөл органынын билдирмесине караганда,"Э.С." ишканасы комиссиянын чечимин тоготпой туруп, "Н" ААКсы менен 2016-жылдын 27-июнунда 16 миллион 604 миң долларга келишим түзгөн.

Мунун айынан мамлекетке жок эле дегенде бир миллион 775 миң сомдук зыян келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0