Абылгазиев: Казакстан менен товар жүгүртүүбүз бир миллиард долларга көбөйтүлөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүГраница между Киргизией и Казахстаном
Граница между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан өз ара товар жүгүртүүнү бир миллиард долларга чейин көбөйтүүгө багыт алды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Душанбе шаарында өтүп жаткан Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында казакстандык кесиптеши Бакытжан Сагинтаев менен жолукканда айтты.

Өкмөт башчы эки жактуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өстүрүү потенциалы чоң экенин балса белгиледи.

"Биздин президенттерибиз тарабынан соода-сатыкты бир миллиард долларга чейин көбөйтүүгө багытталган милдеттер коюлган. Бул соодадагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн шарттарды түзүү максатында өз ара тыгыз аракеттешүүгө түртөт", — деди Абылгазиев.

Ал эми Казакстандын премьери Бакытжан Сагинтаев мамлекет башчылары тарабынан өкмөттөрдүн алдына коюлган пландарды жүзөгө ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Мамлекеттик ишканалар жыл сайын канча киреше табууда? Учурдагы абалы - Sputnik Кыргызстан
Өгүз өлбө, араба сынба. Кирешеси азайган мамлекеттик ишканалардын абалы
"Казак тарап эки жактуу алакаларды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган ар кандай демилгелерди дайыма колдоого даяр", — деди ал.

Мындан тышкары, алар Казакстанда премьер-министрлердин төрагалыгы алдында Жетинчи кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү жөнүндө макулдашууларга жетишишти.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0