Картошка сатуу жеңилдеди. Кочкордогу сынамык долбоор

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОптово-розничный рынок "Привоз" в Симферополе
Оптово-розничный рынок Привоз в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер долбоор жакшы натыйжа берсе, логистикалык борборлор Кыргызстандын башка аймактарына да курулат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Нарындын Кочкор районунда картошканы сактоо жана сатуу үчүн соода логистикалык борбор курула турганын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сынамык иретинде борбор түзүү боюнча меморандумга кол коюлду. Иш-чарага Эл аралык кызматташуу боюнча япон агенттиги (JICA), аталган министрлик, өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү, Кочкор айыл өкмөтү, "Кочкор логистик" айыл чарба кооперативинин өкүлдөрү катышты.

"Эгер долбоор жакшы жыйынтык берсе, мындай логистикалык борборлорду Кыргызстандын бардык аймагына куруу каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик аталган борборлор Кочкордун фермерлерине картошка сатуудан көргөн кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө болуп, жашылчаны жууп сактоо, сорттоо жана таңгактоого жардам бермекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0