Абылгазиев Centerra Gold Inc. жетекчилиги менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев встретился с исполнительным директором компании "Centerra Gold Inc." Скотом Перри
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев встретился с исполнительным директором компании Centerra Gold Inc. Скотом Перри - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниянын аткаруучу директору Скот Перри Кыргызстан менен компаниянын Директорлор кеңешинин позициясын жакындатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Centerra Gold Inc. компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн бардык сүйлөшүүлөрү жана кабыл алынган чечимдери коомдун кызыкчылыгы үчүн иштөөгө тийиш. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аталган ишкананын аткаруучу директору Скот Перри менен жолукканда айтканын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Стратегиялык келишимге байланыштуу маселелерди талкуулады.

Абылгазиев "Кумтөр" долбоорунан улам Centerra Gold Inc. компаниясы дүйнөдөгү эң ири кен казган компаниялардын катарында экенин айтып өттү.

"Өкмөт өлкө экономикасындагы "Кумтөр" долбоорунун маанилүү ролун жакшы түшүнөт. Ошондой эле бул долбоор коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп турарын, буга байланыштуу тараптардын бардык сүйлөшүүлөрү ачык-айкын жана коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеши тийиштигин белгилей кетүү керек. Биз "Центерра" компаниясынын жетекчилигинин "Кумтөр" долбоорун ачык башкаруу тутумун түзүү жана жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүү боюнча жасаган кадамдарын колдоого алабыз. Буга катар инвестициялык долбоорду ишке ашыруу алкагында айлана-чөйрөнү коргоо жана социалдык өнөктөштүк маселелери боюнча белгилүү жыйынтыктарга жетишүү зарыл", — деди Абылгазиев.

Ал эми Скот Перри Кыргызстан менен компаниянын Директорлор кеңешинин позициясын жакындатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0