Жээнбеков айылдарга 43 миллион доллар бөлүү боюнча мыйзамга кол койду

© Sputnik / Табылды КадырбековПовседневная жизнь в Нарынской области
Повседневная жизнь в Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоор өлкөнүн 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга багытталган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Айылдарды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү" долбоорун каржылаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 12-апрелинде кабыл алынган.

Маалым болгондой, долбоорду эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен өкмөт каржылайт.

"Жалпы наркы 43,2 миллион доллар болсо, анын 16, 2 миллионун эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы грант катары, 19,8 миллион каражатын ушул эле уюм насыя иретинде берет. Ал эми калганын өкмөт бөлөт. Долбоор Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарында тандалып алынган 53 айылда ишке ашырылат", — деп жазылган маалыматта.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0