Ош шаарында жеке ишкерлер үчүн ай сайын “Ачык эшик” күнү уюштурулмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональная монета Кыргызстана
Национальная монета Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнес форумдун алкагынд ишкерлерге Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан насыя алуу шарттары боюнча маалымат берилген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ош шаарында ишкерлер үчүн ай сайын “Ачык эшик” күнү уюштурлмай болду. Мындай чечимди калаа мэри Айтмамат Кадырбаев бизнес форум учурунда билдиргенин мекеменин маалымат кызматынан кабалашты. 

Билдирмеге караганда, “Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында жеке ишкерлер менен атайын жолугушуу уюштурулуп бир топ маселелер талкууланган. 

“Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун түштүк аймагы боюнча өкүлү Санжар Эргешов марттын аягынан тарта Орус-кыргыз фонду иштеп баштаганын билдирип, ишкерлерге насыя алуунун шарттары тууралуу маалымат берди”, — деп айтылат маалыматта.

Рабочее совещание премьер-министра КР Мухаммедкалыя Абылгазиева с участием членов правительства - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: кайрадан түзүлгөн ишканалар 5 жылдын ичинде салыктардан бошотулат
Ошондой эле жыйын учурунда Экономика министрлигинин Ош шаардык секторунун башчысы, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин түштүк региону боюнча адиси, ПРООНдун соодага көмөк көрсөтүү долбоорунун координатору, бир нече ЖЧКлардын өкүлдөрү, ишкерлер сөз сүйлөп, өз сунуштарын ортого салган.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев көптөгөн маселелерди жеринде чечип, ишкерлердин ишмердүүлүгүн илгерилетүү максатында бир айда бир жолу тийиштүү жетекчилер менен биргеликте жеке ишкерлерге “Ачык эшик” күнүн уюштуруу тапшырмасын берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0