ЕАЭБ менен Иран эркин соода аймагын түзүү боюнча убактылуу келишим кабыл алды

© AFP / RABIH MOGHRABIИран мамлекетинин желеги. Архив
Иран мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр ЕАЭБ менен Иран ортосундагы соода 2,7 миллиард долларга бааланган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Астана экономикалык форумунун алкагында ЕАЭБ менен Иран мамлекетинин ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча убактылуу келишимге кол коюлду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Документ эки тараптын ортосунда эркин соода боюнча аймак түзүүнүн биринчи кадамы болуп эсептелет. Ал аркылуу бир топ товарларга бажы салыктары азайтылып же такыр эле алып салынуусу каралып жатат.

Макалада айтылгандай, былтыр ЕАЭБ менен Иран ортосундагы соода 2,7 миллиард долларга бааланган.

"Сүйлөшүүлөр маалында талаш жараткан маселелерди эффективдүү чечүү механизми каралды. Ошондой эле эки тараптын ортосунда жогорку кызмат адамдарынан турган комитет түзүлүп, бизнес-диалогдор жүргүзүлмөй болду", — деди Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Тигран Саркисян.

Анын айтымында, учурдагы келишим үч жылга ылайыкталган. Бул аралыкта тараптар толук кандуу кызматташтык тууралуу келишим түзүүгө жетишиши зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0