"Түндүкэлектр": ТЭЦке корой турчу 386 млн. доллардын баары сарптала элек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТоржественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек
Торжественная церемония открытия главного корпуса новых энергоблоков ТЭЦ города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда химиялык тазалоо цехин курууга 6 миллион доллар каралган, калган каражат кепилдик катары "Эксим" банктын эсебинде турат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров ТЭЦтин оңдолушу качан баланска кабыл алынганына кызыкты.

Экологиялык техникалык инспекциясынын жетекчиси Канатбек Муратбеков долбоордо көрсөтүлгөн нерселердин бардыгы жасалды деп үч этап менен 2017-жылы 7-июлда баланска кабыл алынганын билдирди.

Сабиров ошондой эле ТЭЦке корогон акчага эмнелер алынганы документтерде көрсөтүлбөгөн себебин сурады.

Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Кытайдан алынган насыянын канчасы төлөнгөнү айтылды
Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев келишим боюнча ТВЕА компаниясы бардык жабдууларды өзү алып келе тургандыктан алардын баасы көрсөтүлбөгөнүн айтты.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Улан Примов атайын келишим түзүлгөндүктөн алынган жабдуулардын баасы көрсөтүлбөгөнүн айтып, депутаттык комиссия да кеткен каражатты тактай албаганын кошумчалады.

Примов ошондой эле ТЭЦти модернизациялоого каралган каражаттын бардыгы коротула электигин билдирип, болгону 380 миллион доллар сарпталганын белгиледи.

Ал эми "Электр станициялар" ААКтын жетекчисинин орун басары Таалай Бектенов учурда 25,5 миллион доллар сарптала электигин билдирди. Анын айтымында, учурда химиялык тазалоо цехин курууга 6 миллион доллар каралган, калган каражат кепилдик катары "Эксим" банктын эсебинде турат.

Өз кезегинде Жантөрө Сатыбалдиев ТЭЦтин айланасындагы маселенин чиеленип кетиши өкмөттүн тез-тезден алмашып турушу да таасир бергенин айтты.

"Менин өкмөтүм инвестиция алып келди. Долбоорлоо этабын башка өкмөт жүргүздү. Ал бүтүп, курулуш башталганда аны башка өкмөт өткөрдү. Бүткөндө башка өкмөт кабыл алды. Канча премьер, ТЭЦтин канча директору алмашты. Ким кабыл алса, ошол жооп берсин", — деди ал.

Сатыбалдиев ошондой эле инвестиция алып келүүдө кемчилик кетсе ал жетектеген өкмөт мүчөлөрү жооп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу кароо уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0