Кытайдан алынган насыянын канчасы төлөнгөнү айтылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДоллары США
Доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат эми алынган насыяны төлөө жолдорун караштырууну сунуштады.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров Кытайдан алынган насыялардын канчасы төлөнгөнүнө кызыкты.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков 23-апрелге карата 19 миллион 117 миң доллар төлөнгөнүн айтты.

"Анын ичинен пайыздары — 16 миллион 707 миң доллар, комиссиялык төлөмдөр — 1 миллион 700 миң доллар, бирдиктүү төлөм — 694 миң доллар болду", — деди аткаминер.

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтеги авариянын жоопкерчилиги Сапар Исаковго жүктөлүүдө. Мурунку премьердин жообу
Жапаров өз кезегинде азыр 500 миллион доллар тууралуу сөз болуп жатканын, анын 20 миллион доллары төлөнгөнүн айтып, депутаттарды жана чакырылгандарды саясий оюндарды токтотууга чакырды.

"Кантип төлөө керек ошону сүйлөшүп, чечели. Байлар байлардай, кедейлер кедейлердей иш кылалы, биз эмне жерди берип эле тим болмок белек. Андай болбойт", — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Бишкек ТЭЦтиндеги аварияны жана модернизациялоого кеткен каражаттын сарпталышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун кароо уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0