Эл аралык валюта фонду: дүйнөлүк кризисте сом ийкемдүүлүгүн көрсөттү

Жазылуу
Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга акча-насыя саясатын жакшыртууда жардам берет.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Дүйнөлүк кризистин акыркы толкунунда сомдун ийкемдүүлүгү Кыргызстандын экономикасына болгон соккуну жеңилдетти. Мындай пикирин улуттук валютанын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда Эл аралык валюта фондусунун директор орун басары Тао Чжан билдирди.

Анын айтымында, сом туруктуу валюта экенин далилдей алды.

"Мисалы экономиканын ачыктыгына сомдун болгон ийкемдүүлүгү 2014-жылдагы экономикалык таңкыстыкта амортизатор сыяктуу болуп, өлкөнүн тез арада калыбына келүүсүнө жардам берген", — деди Чжан.

Ал ошондой эле эл аралык валюта фондусу Кыргызстанга акча-насыя саясатын жакшыртууда жардам берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0