Абдыгулов: кыргыз сомунан Швейцариянын франкы гана өйдө турат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов валютанын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференция учурунда
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов валютанын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференция учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банк башынан эле сом банкноталарынын коргоосуна өзгөчө көңүл буруп келген.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Сомду жасалмалоо мүмкүн эместигин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов валютанын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференция учурунда билдирди.

"Сомду жасалмалоого мүмкүн эмес. Биринчи күндөн тарта эле Улуттук банк коргоого өзгөчө көңүл буруп келет. Биздин алгачкы купюраларда дагы коргоонун заманбап элементтери колдонулган болчу", — деди Абдыгулов.

Анын айтымында, улуттук валютаны чыгарган компаниялар сомдон Швейцариянын франкы гана аша аларын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0