Профсоюз: Кадамжайдагы чакан ГЭС чыныгы баасынан 7 эсе арзан сатылууда

© AP Photo / LM OteroПечать долларовых купюр
Печать долларовых купюр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадамжай сурма комбинатынын чакан ГЭСи баштапкы баасы 15 миллион сомдон бир аз ашык баа менен аукционго коюлду.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Баткендеги Кадамжай районунун сот аткаруучулары Кадамжай сурма комбинатына таандык Жийделик чакан ГЭСин базар баасынын 7,3 эсе арзан сатууга аракеттенип жатканын Тоо-кен металургиялык профсоюзунун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, объект 2018-жылы 25-майда аукционго коюлат.

"ГЭС болгону 15,7 миллион сом деп бааланды, бирок "Славянский восток" көз карандысыз эксперттик компаниясы чакан ГЭСтин наркы 114 миллион сом экенин аныктады. Сот аткаруучулар ошондой эле 14-майда Кадамжай сурма комбинатынын башкаруучулук имаратын арзан 14 миллион сомго сатууга аракет кылып жатат. Имараттын рыноктогу баасы 28 миллион сомду түзөт", — деди Тажибаев.

Бул аукцион "Ошэлектр" ААКтын доосу менен аукционго коюлууда. Себеби комбинаттын карызы инвесторлор келгенге чейин өсүп кеткен. Тажибаевдин айтымында, комбинат айрым жабдууларды жана жогорку чыңалуудагы электр линияларын берип, карызын төлөөгө даяр.

Коңур-Өлөң ГЭСи - Sputnik Кыргызстан
Уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок. "Көк-Сай", "Коңур-Өлөң" ГЭСтери эмне болот?
"Бирок "Ошэлектр" соттошууга барам деп көгөрүп, сот аткаруучулардын жардамы менен заводдун башкаруучулук имараты менен чакан ГЭСти тартып алууга аракет кылууда. Гидроэлектростанция өндүрүштүк имарат болуп саналат, ал эми комбинат өкмөттүн токтому менен стратегиялык объектилердин кататында", — деди ал.

Кыргызстандын тоо-кен металургиялык профсоюзу комбинаттын туруктуу иштөөсүн жана аукционду жокко чыгаруу үчүн мамлекеттик жогорку органдарга кайрылуу жолдоду.

Сот департаменти бул окуя боюнча кийинчерээк түшүндүрмө берерин айтып ишендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0