Түштүк Корея Кыргызстандын тамак-ашы менен товарына кызыгууда

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүТүштүк Кореянын желеги. Архив
Түштүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кореянын импортерлор ассоциациясы Кыргызстанга эксперттик топту жөнөтөт.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Түштүк Корея Кыргызстандан келген тамак-аш менен товарлардын көбөйүүсүнө кызыкдар. Бул тууралуу өлкөнүн аталган мамлекеттеги элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Элчи Кылычбек Султан Кореянын импортерлор ассоциациясынын башчысы Мьёнг Жин Шин менен жолукту.

Дипломат кыргыз тараптын Кореяга товарлардын көлөмүн көбөйтүү ниети боюнча айтты. Ал ошондой эле Кыргызстан экологиялык таза айыл чарба азыктарын жеткирүү менен эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Ситуация на КПП Актилек - Автодорожный. 12 октябрь - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы: Кыргызстанга товар киргизүү жеңилдейт
Андан сырткары, Кылычбек Султан Кореянын компанияларын Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларын ВСП+ преференцясынын жалпы системасынын алкагында Европага экспорттоо үчүн биргелешкен ишкана түзүүгө чакырды.

Мьёнг Жин Шин импортерлор ассоциациясы чет элдик товар менен азык-түлүктөрдү Кореяга импорттоо боюнча иш алып барарын айтып, чет элдик компаниялар менен тыгыз иш алып барып, өлкөнүн ишканалары менен байланышты чыңдоого жардам берерин кошумчалады.

Ал ошондой эле Кореянын имперторлор ассоциациясынын эксперттик тобун Кыргызстанга жиберүүгө макул экенин билдирип, Import аттуу белгилүү журналга Кыргызстандын товарлары, компаниялары тууралуу жана өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар чыгарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0