Бишкек мэриясы "Ош" базарында товары күйгөндөргө 10 миң сомдон берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлангандарга башка жерден соода кыла турган жай сунушталды

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы "Ош" базарында товары күйгөндөргө бир жолу көрсөтүүлүүчү жардам катары 488 кишиге 10 миң сомдон берди.

Өрттөнгөн аймактар калыбына келтирилгичекти соодагерлерге мэрия "Берекет – Гранд" соода борбору менен биргеликте аталган борбордон, Кулиев көчөсүнөн, Киев көчөсүндөгү жер алдындагы өтмөктөн соода кыла турчу жер бөлүп берген.

Экспертизанын бүтүмүнөн кийин "Берекет – Гранд" базарынын администрациясы кыска аралыкта оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүүнү пландоодо. Ал эми күйүп кеткен жерлер жасалгандан кийин кайра ошол ээлерине берилери айтылган.

Ош базарындагы өрт - Sputnik Кыргызстан
Милиция: "Ош" базарындагы өрт боюнча эки адам кармалды
"Сейтек" базары менен "Берекет плюс" соода павильону калыбына келтирүү иштерин бүтө жаздап калды. "Сейтек" ЖЧКсынын аймагында соода кылган соодагерлердин бөлүгү бүгүнкү күндө соода кылып жатышат.

Буга чейин Бишкектин мэри Албек Ибраимов менен Ленин районунун Нурдин Тынаев жабыр тарткандар менен бир нече ирет жолуккан. 19-апрелде мэр өрттөнгөн базарга барып, соода кылгандар менен жолукканда товарын тилсиз жоого алдырып жибергендерге жардам убада кылган.

Эскерте кетсек, кырсык 13-апрелге караган түнү болгон. Өрттүн очогу Киев менен Кулиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын "Берекет" базарында жайгашкан. ӨКМ базар атайылап өрттөлгөнүн айтып, милиция кылмыш ишин козгоду. 5200 чарчы метр аянтты жалмаган өрт 16 сааттан кийин толук өчүрүлгөн.

ӨКМдин өкүлүнүн айтымына караганда, өрт атайылап коюлгандыгын айткан. Бул жыл башынан берки "Ош" базарынын аймагында чыккан үчүнчү өрт. Биринчиси 30-январда, экинчиси 5-мартта болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0