Кыргызстан эми Кытайга тооктун баш-шыйрагын экспорттой баштайт

© AFP / STRКитайский рынок в Хуайбэй
Китайский рынок в Хуайбэй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай тарап ошондой эле Кыргызстандан кой, уйдун ич эттерин, айрыкча тогуз катты жана бал, кургак сүт алуу сунушун киргизген.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстан Кытайга союлган тооктун баш-шыйрагын жана башка пайдаланылбаган бөлүктөрүн экспорттой баштайт. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган документке кечээ эки тарап кол койгон.

"Тоок союлгандан кийин анын башы жана башка колдонулбаган бөлүктөрүн биз буга чейин ыргытып салчубуз. Эми аны Кытай тарап ала баштайт. Бул боюнча кечээ атайын делегация келип, экспорттоо боюнча кагазга кол койдук. Эми Кыргызстандын бардык аймактарында тоок баккандар буга чейин ыргытып салчу бөлүктөрүн өткөрө алышат. Ал кымбат баада алынары божомолдонууда", — деди Жумаканов.

Ал ошондой эле Кытай тарап Кыргызстандан кой, уйдун ич эттерин, айрыкча тогуз катты жана бал, кургак сүт алууга кызыкдар экенин айтып, сунуш киргизип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0