БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарларын Кыргызстанга импорттоо процедурасын жеңилдетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеде Салык кызматынын төрагасы Октябрь Абдыкаимов бизнесмендер менен жолукканы белгиленет. Ишкерлер чет элдик ишкерлердин салык жөнүндө маалымкатты колдонуу мөөнөтүн бир айдан бир жарым жылга чейин узартууну суранышкан.
"Импортчулар алты айга чейин жарамдуу болгон маалымкатты бир жолу алып, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кире алышат", — деп МСК башчысы белгилеген.
Ал жерде "Сосновка" көзөмөл өткөрмө бекетиндеги сервистик борбор сыяктуу экспортчулар жана импортчулар үчүн комплекстүү кызмат көрсөтүлөт. Бул зарыл болгон документтерди тариздөө жол-жобосун оптималдаштырууга жана жүктөрдү алып өтүүнү тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет.
Ошондой эле Абдыкаимов өткөн жылы 2016-жылга салыштырмалуу кошумча нарк салыгы 25 пайызга же 3 миллиард сомго, быйыл 2017-жылга салыштырмалуу 20 пайызга өсүш бар экенин кошумчалады.