Депутат: мамлекеттик ишканалар миллиондогон акчаны каякка жумшайт?

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Жогорку Кенеша от фракции "Республика — Ата-Журт" Акылбек Жамангулов
Депутат Жогорку Кенеша от фракции Республика — Ата-Журт Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү жыйында айрым мамлекеттик ишкана менен компаниялардын чыгашаларын ачыктады.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов киреше алып келбеген мамлекеттик ишканалар менен мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдор он миллиондогон сомду демөөрчүлүк максатта жумшаганына нааразы болду.

Эскерте кетсек, бүгүн, 17-апрелде, оппозициялык "Ата Мекен", "Республика — Ата-Журт" жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн 2017-жылы жасалган иши боюнча отчетун угууда.

"Мен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунан акыркы беш жылда ишкана менен компаниялар демөөрчүлүккө канча каражат жумшаганы тууралуу маалымат алдым. "Кыргызалтын" 12 миллион сомдон ашуун, MegaCom — 70,5 миллион, "Манас" эл аралык аэропорту — 10 миллион… Бизде, 120 депутатта, төраганын эле 30 миллион сомдук резервдик фондусу бар. Ишкана жетекчилери кирешеси аз экенин айтып, ошол эле маалда миллиондогон акчаларды коротуп жатышат", — деди Жамангулов.

Маммүлк жетекчиси быйыл мамлекеттик ишканалардын чыгымы 400 миллион сомго кыскартылганын, бирок ушул сыяктуу уюмдардын бюджети тармактык министрлик тарабынан бекитилерин кошумчалады. Өз кезегинде өкмөт башчы Исаков чыгымдар текшерилип жатканын, анын жыйынтыгы менен бардык материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0