Мамлекеттик ипотека 6 пайыздан бериле баштайбы? МИКтин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖилищное строительство в Московской области
Жилищное строительство в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков январь айында келечекте ипотекалык насыялоонун пайыздык чени алтыга чейин төмөндөй турганын айткан

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. "Жеткиликтүү турак жай — 2015-2020" программасынын алкагында жарандарга алты пайыз менен ипотека берүүнүн жол-жобосу изделип жатат. Бул тууралуу "Мамлекеттик ипотека компаниясы" (МИК) ишканасынын төрага орун басары Нуржигит Үсөнакун уулу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков январь айында Нарын облусуна болгон жумушчу сапарында келечекте ипотекалык насыялоонун пайыздык чени алтыга чейин төмөндөй турганын айткан.

Үсөнакун уулунун айтымында, МИКке пайыздык ченди алты пайызга жеткирүү тапшырмасы коюлгандыктан, учурда бул маселенин үстүндө иштер жүргүзүлүүдө.

"Пайыздарды түшүрүү — бул турак жайды жеткиликтүү кылуунун негизги шарттарынын бири. Бирок ошол эле мезгилде рынокто бардык нерсенин өз наркы бар. Биз ошол жагдайды эске алуу менен эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Тиешелүү министрлик, ведомстволор менен дагы иштешүүдөбүз. Биз кайсыл учурдан баштап ипотеканы алты пайыз менен берип каларыбызды так айтуу кыйын. Бул өкмөттүн саясатынан жана башка факторлордон көз каранды", — деди Үсөнакун уулу.

Белгилей кетсек, учурда ипотека 15 жылга 8-10 пайыз менен берилүүдө.

МИКтин маалыматына караганда "Жеткиликтүү турак жай — 2015-2020" программасынын негизинде жалпысынан 2930 адам 3 миллиард 250 миллион сомго турак жай сатып алды.

Баса, мамлекеттик ипотека тууралуу ийне-жибине чейин Sputnik агенттигинин материалынан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0