Кыргызстанда электр энергияга болгон баа көтөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековТариф на электричество в Бишкеке
Тариф на электричество в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакын арада бул багытта калк арасында түшүндүрүү, маалымдоо иштери жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Электр энергияга болгон баа көтөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул кадамдар электр жабдыктарын жаңылоо максатында жасалат.

"Тарифти көтөрүү боюнча сунуш учурда даярдалууда. Өкмөткө быйылкы жылдын ичинде сунушталат. Акырындык менен электр энергиясынын баасы кымбаттайт. Бул 5-6 жылдын ичинде ишке ашат. Анткени биз жылдан жылга дефицит менен жылдык отчетту жаап жатабыз. Баанын көтөрүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш", — деди Оморов.

Ал ошондой эле бул багытта калк арасында түшүндүрүү, маалымдоо иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, ТЭЦтеги авариядан соң Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып премьер-министр Сапар Исаков электр энергиясына болгон бааны көтөрүү керектигин, энергетика тармагында ремонт иштерин жүргүзүү зарылдыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0