Кыргызстанга келген жүк ташуучу унаалар "тракторго" айланганда

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТракторлор. Архив
Тракторлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажычылар бажы төлөмдөрүн төлөбөй коюуга жол ачкан деп шектелүүдө

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Башкы прокуратура бажы төлөмдөрүн жашыруудан мамлекетке 30 миллион сомдон ашык зыян келгенин аныктап, Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иш козгоду.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял министра Улана Исраилова - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков ИИМ башчысына органда коррупция күчөп жатканын эскертти
Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура 2011-жылдын 15-ноябрынан 2012-жылдын 10-январына чейин Кыргызстанга жеке жана юридикалык жактар жүк ташууга ыңгайлашкан DAF, MAN, IVECO, SCANIA жана башка маркадагы автоунааларды алып келгенин аныктаган.

Машиналарга жүк ташуучу автоунаа экенин тастыктаган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишмердигинин "8704" товардык номенклатурысынын коду берилиши керек болчу. Бул код боюнча бажы алымы бажы баасынын 10 пайызын түзөт.

"Бирок декларация толтурулуп жатканда аталган жүк ташуучу машиналарга "8701" коду — трактор деп берилген. Аталган код боюнча бажы төлөмү алынбайт", — деп айтылат маалыматта.

Автодорога Иркутск — Чита - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга автоунаа алып кирүүдөгү коррупциянын бети ачылды
Башкы прокуратуранын билдиришинче, Борбордук бажы кызматынын инспекторлору билип туруп бардык 354 жүк ташуучу автоунааны "8701" коду менен трактор деп каттоого алган. Анын айынан мамлекетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Ишти УКМК тергеп жатат.

Буга чейин Салык кызматы да Кытайдан келген товарлардын кошумча нарк салыгы боюнча алдамчылыкка барганы аныкталган. Бул иш боюнча салык кызматынын беш өкүлү жана Салык кызматынын жетекчи орун басары кармалды. Алар иштен алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0