Маянасы көбөйө турган аткаминерлер белгилүү болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоррупция в КР
Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баалоо төрт компонент боюнча жүргөн

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишмердигинин рейтинги чыкканын Мамлекеттик кадр кызматынын директор орун басары Калыбек Алышбаев маалымат жыйында билдирди.

Статс-катчы — бул жогорку административдик кызмат, андан жогору мекеменин жетекчиси, же орун басары гана болушу мүмкүн. Бирок алар саясий кызматкерлердин катарын толуктайт.

"21 мамлекеттик органдын статс-катчыларынын рейтинги төрт категория боюнча аныкталды", — деди Алышбаев.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министрлерге дагы бир орун басар берилмей болду
Комплекстүү баалоо компоненттери: профессионалдык баа (баалоо түзүмүндө 50 пайызды ээлейт), жамааттык баа — 20 пайыз, коомдук — 10 пайыз жана өндүрүштүк баа — 20 пайыз.

"Рейтингдин жыйындыгында "мыкты" жана "жакшы" деген баа алган статс-катчылар класстык чин алууга көрсөтүлөт. Ошондой эле мыкты болгон статс-катчыларды эмгек маяна сеткасынын кийинки эки, ал эми "жакшы" аталгандарды бир коэффициентине өткөрүү сунушталат", — деди директордун орун басары.

Эң мыкты баа алган статс-катчылар (жогорудан төмөндү карай):

Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекетти кызматы;

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

Сот департаменти;

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;

Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитети;

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети;

Мамлекеттик кадр кызматы;

Андан сырткары, сегиз мамлекеттик органдын статс-катчылары "жакшы" болсо, экөө "канааттандырлы"к, дагы бирөө "канааттандырарлык эмес" баа алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0