Кыргызстан Россияга экспорттун көлөмүн 1,5 эсе көбөйттү

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВитринадагы товарлар. Архив
Витринадагы товарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-орус соодасынын көлөмү 9,2 пайызга өсүп, 1,4 миллиард долларды түзгөн

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстан Россияга экспорттун көлөмүн бир жарым эсе көбөйткөнүн экономика министри Артем Новиков Чекене сатуу компаниялардын ассоциациясы менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, соода-сатыкты өнүктүрүү Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Андыктан министр ишкерлер атамекендик товарларды Россиянын рыногуна алып келүүнү дагы бир жолу сүйлөшүп алышына абдан кубанычта экенин белгиледи.

"Үчүнчү мамлекеттерге караганда ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен соода-сатык тездик менен өсүп жатат. Россия биздин эң негизги соода өнөктөшүбүз болуп саналат", — деди министр.

Ал ошондой эле кыргыз-орус соодасынын көлөмү 9,2 пайызга өсүп, 1,4 миллиард долларды түзгөнүн кошумчалады. Россияга болгон экспорттун көлөмү 47 пайызды түзүп, 262 миллион долларга барабар болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0