Маршруткачыларды дүрбөткөн полис деген эмне? Камсыздандыруунун жол-жобосу

Жазылуу
2-апрель күнү таң атпай маршруттук такси айдоочулары каршылык акциясына чыгып, иш таштады. Мындан карапайым калк жабыркап, бара турган жерине жетпей калды. Ал арада айдоочулар иш таштоого камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирүү себепкер экенин айтышты.

Жүргүнчү же кооптуу жүк ташыган айдоочуларды камсыздандырууну сатып алууга милдеттендирген мыйзам Кыргызстанда 2008-жылы кабыл алынган. 10 жыл мурун эле иштей турган мыйзам тийиштүү жаза чарасынын жоктугунан аткарылбай келген. Бирок 1-апрелден тарта кырдаал өзгөрөт, себеби, ЖКККМБ (Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик башкармалыгы) кызматкерлери айдоочуларды токтотуп, камсыздандыруусу болбосо, 500 сом айып пул салууга укук берчү жол эрежелерине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирмекчи.

Маршруттук таксилердин айдоочулары бийликтен эмнени талап кылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Маршруттук такси айдоочуларынын бийликке талап койгон видеосу
Ал арада мындай өзгөрүүлөргө каршы чыккан маршрутка айдоочулары жапырт иш таштады. Полис алуудан баш тартып жаткан айдоочулар мындан тышкары да бир топ талап коюшту. Ал эми шаардык мэрия айтылган талаптардын бири да аткарылбай турганын так кесе айтты.

Таң атпай шаарды дүрбөлөңгө салган жүргүнчүнү камсыздандыруу полиси деген эмне? Негизи эле бул туурасында соболдоруңуз арбын чыгар, аларга камсыздандыруучу компаниялардын биринин өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Темирлан Кабылбеков жооп берет.

Ким камсыздандырууга тийиш?

Автобус, троллейбус, такси, маршруттук кичиавтобус, бензин, жаратылыш газын жана башка кооптуу жүктөрдү ташуучу айдоочулар.

Камсыздандыруу акысы канча?

Эгер шаар ичинде жүрсөңүз, анда бир жүргүнчүлүк орунга жылына 136,6 сом төлөйсүз. Маселен, таксист болсоңуз, төрт жүргүнчү ташый аласыз. Демек, камсыздандыруу үчүн 546 сом сарптайсыз. Маршрутка айдасаңыз, 15 орундук бар. Анда 2 049 сом төлөйсүз. Шаар аралык же башка өлкөлөргө каттагандар ар бир жүргүнчү орундугу үчүн камсыздандыруу 204,9 сомдон айланат. Камсыздандыруу акысын эсептөө үчүн биздин калькуляторду пайдалансаңыз болот.

Бул эмне берет?

Жүргүнчү жана жүк үчүн жоопкерчилик айдоочу же ал иштеген ишканада. Камсыздандыруучу компанияга акча төлөп, келишимге кол койгонуңузда сиз үчүн жоопкерчиликти ал мойнуна алат. Эгер кокус жол кырсыгы болуп, кимдир бирөө жабыркаса, камсыздандыруучу компания ага компенсация төлөп берет. Бул "камсыздандыруучу учур" болуп саналат.

Жабыркаган ар бир жүргүнчүгө дарылануу үчүн 310 миң сомдун тегерегинде төлөнөт. Адам каза болгон шартта аталган сумма толугу менен төлөнүп берилет.

Жүк ташуу жагдайы кандай?

День траура в Бишкек в связи с двумя трагическими событиями, произошедшими 27 августа, и унесшими жизни 23 граждан Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Маршруткачылар бунту: мэрия айдоочуларга жооп берди
Жүк ташууну камсыздандыруу акысы адам ташыганга караганда кымбат, жол кырсыгы учурунда да компенсация көлөмү жогору болот. Камсыздандыруунун суммасы, полис акысы эмне ташыганыңыздан жана анын кандай көлөмдө экендигинен көз каранды. Мында көңүлүңүзгө түйө турган нерсе: камсыздандыруу акысы компенсация суммасынын бир пайызын түзөт.

Бул таблицадан сиз жүктүн көлөмүн тандап, бааларды жана камсыздандыруу акысын карап алсаңыз болот.

Эгер камсыздандыруу бир жылга эмес, мага бир нече айга гана керек болсочу?

Кайра эсептетип, азыраак төлөөгө болот.

Камсыздандыруу айдоочу же унаага да жарайбы?

Жок, бирок айдоочу же жүк ташуучу ишкана ыктыярдуу түрдө өзүнчө камсыздандыруу ала алат.

Камсыздандыруунун ишке ашырылышы юридикалык жактан татаал деп укканым бар. Жүргүнчүлөргө же жүк үчүн компенсация төлөтүп алуу аракетинде жылдар бою соттошуп калбайбызбы?

Бул амалдын татаалдыгы жок: мыйзам камсыздандыруучу компаниясын жүргүнчү кымындай жаракат алса да, компенсация төлөп берүүгө милдеттендирет. Башкысы кырсык фактысы, дарылануу акысы тууралуу документтерди топтоп, мунун бардыгын камсыздандыруу компаниясына тапшыруу зарыл.

Булардын баары иш жүзүнө кандай ашырылат? Мисал келтирсеңиз.

Авторынок Риом авто - Sputnik Кыргызстан
Арзандайбы деги? Автоунаа баасы эмнеге кымбаттап кетти
Эгер жол кырсыгы катталып, жүргүнчүлөрдөн бири кенедей жабыр тартса да ЖКККМБ кызматкерлерин чакыртып, камсыздандыруучу ишканага кабарлаңыз. Компаниянын өкүлдөрү жабыр тарткандар менен сиздин ордуңузга сүйлөшөт.

27-сентябрда Киев көчөсү жана Эркиндик проспектисинин кесилишинде кичи автобус жол эрежесин бузуп, кырсыкка кабылган: жүргүнчүлөрдү жык алып алган маршрутка жолдон чыгып, трансформаторду сүзгөн. Үч киши жабыркаган, жалпы 150 миң сомдон көп көлөмдө компенсация төлөп берилди.

Маршруткаларда көпчүлүк жүргүнчүлөр туруп барышат, демек жол кырсыгына кабылган учурда алар көп жабыркашы мүмкүн. Камсыздандыруу алар үчүн да иштейби?

Камсыздандыруучу компания жол кырсыгы учурунда ким туруп, ким отуруп баратканын териштирбейт. Бирок жабырлануучулар камсыздандырылган орундуктардан көп болуп кетсе, бул такталууга тийиш. Маселен, айдоочу 15 орундукту камсыздандырды, ал эми жабыр тарткандардын саны 17 дейли. Демек, калган эки жүргүнчүгө компенсацияны айдоочу өзү төлөп берүүгө тийиш. Туруп барган кошумча "орундарды" камсыздандырууга болбойт, эсеп орундуктардын санына карап гана жүргүзүлөт.

Кантип камсыздандыруу керек?

Айдоочулук күбөлүк же паспорт менен транспорттун каттоо күбөлүгүн даярдайсыз. Андан соң камсыздандыруунун милдеттүү түрүн берүүгө уруксаты бар камсыздандыруучу компанияны тандап, аны менен келишим түзөсүз. Келишимди айдоочу да, жүк ташуучу ишкана да түзө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0