Арзандайбы деги? Автоунаа баасы эмнеге кымбаттап кетти

Жазылуу
Кыргызстандагы унаа базардагы баа канча жылдан бери эле олку-солку — бир карасаң эле арзандап калат, бир карасаң жанына жакын жолой албай каласың. Sputnik унаа баасынын динамикасына саресеп салып, жакынкы бир жылдагы авто наркы тууралуу эксперттер менен сүйлөшүп көрдү.

Серепчилердин баамында экинчи колдогу унаа базарындагы олку-солкулукка бажы салыгынын жогорулашы себеп. Мындай көрүнүш Кыргызстанга унаа киргизүү анчейин кирешелүү болбой калды.

Автобазарда машина сатып иштеген Жаныбек Бектемиров 2018-жылдын жаз айларына карата баа кайрадан көтөрүлүп кеткенин айтып берди.

"Бул майды аз ичкен унаалардын өтүмдүү болуп жатканына байланыштуу. Элдин коомдук транспортко түшкүсү келбей калды, мындан улам ушундай унааларга басым жасалууда. Анын үстүнө мындай машиналардын тетиктери да салыштырмалуу арзан. Бузулуп калса да капчыкты кагып ийбеген акчага оңдотуп алууга болот", — деди ал.

Бектемировдун айтымында, унаалардын өтүмдүү үлгүлөрү 500-800 долларга чейин кымбаттап кетти. Ал эми элиталык деп эсептелген машиналардын баасы, тескерисинче, арзандаганын байкоого болот.

Экономист Жумакадыр Акенеев да быйыл экинчи колдогу унаалар кымбаттай турганын билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономист Жумакадыр Акенеев
Видеомост на тему Саммит ЕАЭС в Бишкеке — прогнозы и ожидания в мультимедийном центре Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Экономист Жумакадыр Акенеев

"Бул 1-январдан тарта ЕАЭБдин Бажы кодекси күчүнө киргенинен улам болуп жатат. Эми машиналар бизге биримдиктин жалпы эрежелери менен киргизилүүдө. Экинчиден, базардан экологияга зыян алып келген эски унааларды алуу аракети жүрүп жатат десек болот. Бүгүнкү күндө 15 жылдан жогору кызмат кылган унааларды киргизүүгө тыюу салынган. Мунун баары базарга таасирин тийгизүүдө. Дал ушул себептен колдогу унаага болгон баа өсүп жатат", — деди Акенеев.

Автодорога Иркутск — Чита - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга автоунаа алып кирүүдөгү коррупциянын бети ачылды
Бектемировдун айтымында, Кыргызстанга 2017-жылдан тарта киргизилген унаалар кымбат баасынан улам өтпөй жатат.

"Бажы салыгы унаанын өзүнөн кымбат болуп жатат. Ал эми кардар ушундай эле унааны аз акчага сатып алгысы келет. Демек, жергиликтүү сатуучулардан алып, косметикалык ремонттон өткөрүп, үстүнө 500-600 доллар кошуп сатып иет", — деди ал.

Соода-өнөр жай палатасынын экспортту өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана логистика бөлүмүнүн жетекчиси Кубат Рахимов унаалардын кымбаттап жатышынын үч себебин белгиледи. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСоода-өнөр жай палатасынын экспортту өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана логистика бөлүмүнүн жетекчиси Кубат Рахимов
Председатель комитета Торгово-промышленной палаты КР Рахимов Кубат - Sputnik Кыргызстан
Соода-өнөр жай палатасынын экспортту өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана логистика бөлүмүнүн жетекчиси Кубат Рахимов

"ЕАЭБ кирүү алдында көптөгөн сатуучулар, компания менен агенттиктер бара-бара сатылат деген ой менен унаа алып келишчү. Азыр ал машиналар акырына чыгып баратат. Машина сатып алчулар көп болгондуктан баа арзандабай турат. Чет жактан алып келинген унаалар бажыда катуу фильтрацияланып жатат. Эгер чет өлкөдө авто 5 миң доллар турса, бажы салыгы 7 миң доллар болуп кетиши мүмкүн. Бул, албетте, эч кимге пайдалуу эмес", — деди ал.

Унаанын кымбаттап жатышын Рахимов булардан тышкары Кыргызстанда жаңы машиналардын рыногу өтө кеч иштей баштаганы менен түшүндүрдү.

Улица Аалы Токомбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Быйыл жазда турак жай менен унаа кымбаттайбы? Серепчилердин пикири
"Мындай нерсе бизде ОСАГОнун толук кандуу механизминин жоктугунан болууда. Бул банктар менен лизинг компанияларынын ишин татаалдатат. Цивилизациялуу мамлекеттерде жол кырсыгы болгон учурда көрүлүүчү аракеттердин ырааты ОСАГОдо так жазылган. Казакстан менен Белоруссия ОСАГОну милдеттүү кылып аталган көйгөйдү чечти. Мындан улам аталган өлкөлөрдө жалпы сумманын 20 пайызы менен эле унааны насыяга сатып алууга болот. Азыркы тапта өкмөт бул маселени чечүүнүн жолдорун издеп жатат", — деди Рахимов.

Анын айтымында, унаа базары талап менен сунуштун негизинде өсүп-өнөт. Эң өтүмдүү болгон үнөмдүү унаалар киргизилбей жаткандыктан аларга болгон нарк кымбаттай бермекчи.

Жыл башынан бери өскөн бааны таасын көрсөтүү үчүн сатуучулар бааларды да айтып беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0