Непалдык миллиардер: кыргызстандыктардын европа элинен бир артыкчылыгы бар

© Sputnik / Табылды КадырбековНепалдык мультимиллионер, инвестор Бинод Чаудхари
Непалдык мультимиллионер, инвестор Бинод Чаудхари - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бинод Чаудхаринин байлыгы бир жарым миллиард долларга бааланат. Ал бизнеске дегеле ылайыксыз деп саналган өлкөсүндө эбегейсиз бизнес империяны түптөй алган. Анын пикиринде, Кыргызстан — ишкерлер үчүн бейиштин нак өзү.

Sputnik Кыргызстан редакциясында Непалдан чыккан чыныгы мультимиллионер Бинод Чаудхари мейманда болду. Ушул кишинин ишканасы тез даярдалчу Wai Wai кесмесин чыгарат, ошондой эле мейманкана бизнеси менен шугулданат, электроника жана кыймылсыз мүлк сатат.

— Келээрден мурун Кыргызстанды кандай элестеттиңиз эле?

— Мен көптөн бери эле сүрөттөрдөн жергиликтүү элге, жаратылышка, түстөргө көз жүгүртүп жүргөм. Качандыр бир барып көрөм деп ойлочумун дайым. Алгач ирет Кыргызстанда сегиз ай мурун өкмөтүңүздөрдүн чакыруусу менен келип кеткем. Бийлик өкүлдөрү менен гана жолукпастан, ишкерлер, студенттер жана мектеп окуучулары менен да баарлашкам.

— Биз өзүбүздү жалкоо калкпыз деп эсептейбиз, а сиз кыргызстандыктардын күжүрмөн эл экендигин белгиледиңиз…

— Тоолуу жерде жашагандардын баары окшош мүнөз жана жөндөмдөргө ээ. Алар эрктүү, күрөшчүл, мээнеткеч келип, кандай иш болсо да аткара билет. Кыргызстандыктарга суктанам, анткени батыш стандарттары боюнча иштеп, кесипкөйлүк жактан европалыктардан кем калышпайт, ошондой болсо да эч текеберленишпейт.

© Sputnik / Табылды КадырбековБинод Чаудхари: кыргызстандыктарга суктанам, анткени батыш стандарттары боюнча иштеп, кесипкөйлүк жактан европалыктардан кем калышпайт, ошондой болсо да эч текеберленишпейт
Крупный инвестор из Непала Бинод Чаудхари - Sputnik Кыргызстан
Бинод Чаудхари: кыргызстандыктарга суктанам, анткени батыш стандарттары боюнча иштеп, кесипкөйлүк жактан европалыктардан кем калышпайт, ошондой болсо да эч текеберленишпейт

— Улуттук ашканабыз көңүлүңүздү ээлей алдыбы? Сиз эт жебейт экенсиз, бизде болсо этсиз тамак болбойт…

— Сиздердин майга бышырылган наныңар абдан жакты (боорсок – ред.). Мени ошол нан менен тосуп алышты кечээ… Ооз тийдим, анан токтоно албай жедим!

— Өткөн келишиңизде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кезиккенсиз. Ал сизге кандай киши көрүндү?

— Көп сүйлөбөгөн, бирок абдан жайдары адам экен. Элди жакшы тааныйт, өлкө үчүн эмне кылуу керектигин көрө билет.

— Бул жолку сапарыңызда жолуккан премьер-министр Сапар Исаков тууралуу кандай пикирде калдыңыз?

— Сиздердин премьер-министрдин күйөрманы болуп калдым! Билишимче, ал шайлангандан кийинки алгачкы чет элдик мейман мен болдум. Күчкө толуп турган, демилгелүү, жигердүү жигит…

© Sputnik / Табылды КадырбековНепалдык инвестор: өлкөнү жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн бир эле бренд жетиштүү
Крупный инвестор из Непала Бинод Чаудхари - Sputnik Кыргызстан
Непалдык инвестор: өлкөнү жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн бир эле бренд жетиштүү

— Кыргызстанда бизнес кылуу татаал деп көп угам. Ишкерлер үчүн биздин өлкөбүздүн артыкчылыгы барбы?

— Сиздерде болуп көрбөгөндөй жакшы шарт менен үч багыт бар. Биринчиси — албетте туризм. Өзгөчө, башкача бир туризм. Ал адамдарга укмуш таасирлерди тартуулап, табиятка да ынак мамиледе болот. Маселен, Непалда Tiger Tops деген корук бар. Дүйнөнүн булуң-бурчунан акчасы бар туристтер келип, ал жерден жаныбарларды кадимки байырлаган жеринен көрө алышат. Кыргызстан ак илбирс менен атагы чыккан, туристтер үчүн эс алуу жайын уюштуруңуздар.

Топоздор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Топоз баккан атбашылык миллионер кыз: 28 жашымда атамдын мал-жаны мага өткөн
Экинчиден, сиздерде тигүү тармагы мыкты өнүккөн. Сырьену да өзүңүздөр даярдап, өздүк үлгүлөрдү (бренд) жарата аласыздар. Кечээ БУУнун төрагасы сиздердин премьер-министр менен болгон жолугушуубузда Кыргызстанда тигилген костюм кийип келгенинен кабардар болдум. Анын айтымында, бул жакта кийим-кечек сапаттуу, баасы да арзан. Кийимге болгон талап ушулар эле эмеспи. Бирок бийлик жергиликтүү үлгүлөрдү таанытуу үчүн аракет көрүүсү зарыл.

Үчүнчүдөн, жаш ишкерлер көп, аларга көмөк, колдоо бар. Топ жара турган технологиялык демилгелери арбын. Технология жаатында сиздер абдан күчтүү келесиздер. Айрым кыргызстандыктар бизде – Непалда уюлдук байланыш компанияларын жетектей турганын билем.

— Бир маегиңизде непалдык жана кыргызстандык ишкерлер абдан окшош экендигин белгилепсиз. Кандай окшоштук бар?

— Эки мамлекет тең аймагы боюнча чакан, ири өлкөлөр менен коңшулаш. Кыргызстандагыдай эле Непалда да саясий туруксуздук туюлат. Маселен, 25 жыл ичинде 26 өкмөт алмашкан. Андыктан, ишкерлерибиздин шарттары бирдей эле…

Мамлекеттик MegaCom ишканасын жетекчиси Азат Базаркулов - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик топ-менеджер: бүлөмдү багуу үчүн нике шакегимди күрөөгө койчумун
Ошентсе да бул үлкөн мамлекеттер менен атаандаша албайбыз дегендик эмес. Тек гана демилге жана аны жүзөгө ашыруунун так ыкмалары болушу шарт. Анан да биздин бир артыкчылыгыбыз бар: өлкө канчалык кичине болсо, өзгөртүүлөргө ошончолук ыкчам кирише алат. Менимче, кыргызстандыктар көмүскөдөн чыгып, республиканы дүйнөгө тааныта турган бир-эки абдан күчтүү ишкана түптөөгө тийиш.

— Калктын капчыгы анчейин болгондуктан биздин ишкерлер Кыргызстанда бизнес жасоо кыйын деп наалып келишет. Непал деле байлары менен мактана албайт. Калктын байгер турмушу бизнеске тоскоол этеби?

— Непалдын ички дүң өндүрүмүнүн жыйырма пайызын мигранттардын кирешеси түзөт. Кыргызстанда да жагдай ушундай эле. Негизинен КРдеги экономикалык абал Непалга караганда алдаканча түзүк: мында ИДӨ киши башына миң долларды, ал эми бизде 700 долларды түзөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековМиллиардер: Кыргызстанды жана анын калкын жактырып калдым. Эми мен өлкөнүн тирүү жарнамасындаймын
Крупный инвестор из Непала Бинод Чаудхари - Sputnik Кыргызстан
Миллиардер: Кыргызстанды жана анын калкын жактырып калдым. Эми мен өлкөнүн тирүү жарнамасындаймын

— Өлкөгө инвестиция тартуу кыйын деп көп айтышат бизде. Чет элдиктер Кыргызстан тууралуу эч нерсе билишпейт, же өлкөдө туруктуулук жок деп ойлошот. Мындай көндүм пикирлерди кантип жоюуга болот?

— Дүйнөгө аты тараган бренд жаратуу керек. Мисалы, кандайдыр бир өндүрүм… Мени сиздердин республикага чакырышты. Келип көрүп, Кыргызстанды жана анын калкын жактырып калдым. Эми мен өлкөнүн тирүү жарнамасындаймын.

— Эгер үлкөн инвестор, досуңуз дейли, сизге келип: "Кыргызстанда бир бизнес баштасам кандай болот? Кайсы тармакта иш кирешелүү?" десе, сиздин жообуңуз кандай болмок эле?

Бириккен Араб эмирлигинде өтүп жаткан өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитинин алкагында премьер-министр Сапар Исаков Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Араб эмирлигинде кыргыз-индия мамилелери талкууланды
— "Чамда. Керек болсо, көмөктөшөйүн" демекмин. Жеңил өнөр жай тармагын сунуштамакмын. Күчкө толуп турган жаш ишкерлер менен иш баштап, бизнес долбоорлорун ишке ашырууга болорун айтмакмын. Өлкөнүн чоң туризмдеги дарамети да толук ачыла электигин билдирмекмин. Ошондой эле аба транспортундагы кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө да ойлонууга болот…

— Instagram түйүнүндөгү баракчаңыз абдан жандуу. Эгер социалдык медиага көп көңүл бурсаңыз, Кыргызстандын кайсы сүрөттөрүнөн бөлүшмөк элеңиз?

— Борбор калаада, анын тегерек четинде сейилдедим… Кыргызстанга болгон сапарымдан бир сүрөт жарыялоону сизге убада кылам.

Жаңылыктар түрмөгү
0