Кыргызстанга Siemens компаниясынан делегация келет

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүSiemens приостановит поставки энергооборудования в РФ
Siemens приостановит поставки энергооборудования в РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниянын Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар экени айтылды

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстанга Siemens компаниясынан атайын делегация келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Премьер-министр Сапар Исаков Коопсуз жана туруктуу транспортунун Чыгыш альянсы уюмунун директору Эмма Мак Леннан менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
"Акылдуу шаар" долбооруна британиялык уюм кол сунарын айтты
15-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эринес Оторбаев Siemens компаниясынын мамлекеттик органдар менен иш алып барган өкүлү Ханс-Петер Бем менен жолугушкан.

Маалыматка караганда, Бем компания Кыргызстан менен энергетика тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирген. Ал ошондой эле талкуу жүргүзүү үчүн Siemens Бишкекке атайын делегация жөнөтүүгө даярдыгын белгилеген.

"Компаниянын эл аралык аренадагы кадыр баркы жогору экенин эске алуу менен Оторбаев Кыргызстанга болгон сапарды уюштурууга болгон күчүн жумшай турганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле КРдин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы компаниянын өкүлү Роланд Буш менен жолугушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0