Россияда суроо-талап көп болгон Кыргызстандын товарлары аталды

© Sputnik / Табылды КадырбековВыращивание фасоля в Кыргызстане
Выращивание фасоля в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялыктар Кыргызстанда тигилген кийимдерди көп сатып алып баштаган

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда өндүрүлгөн кайсы товарларга Россияда суроо-талап жогору экенин Россиянын соода өкүлүнүн орун басары Сергей Белоусов "Кыргызстан Евразиялык экономикалык коомдун системасында" аттуу жыйында айтып берди.

Ал ошондой эле Россиянын бажы кызматы менен Кыргызстандыкы бири-биринен айырмалана турганын дароо эскертти.

Анын айтымында, азык-түлүк продукцияларынын экспорту кескин жогорулаган.

"Айыл чарба азыктарын алып келүү былтыр 70 пайызга жогорулаган, башкача айтканда, 17 миллион доллар болгон. Кыргызстандан төө буурчакты экспорттоо үчтөн бирге көбөйдү, каймак майды экспорттоо эки эсе жогорулаган", — деди ал.

Белоусов ошондой эле россиялыктар Кыргызстанда тигилген кийимдерди көп сатып алып баштаганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0